Адвокат Галина Скрипкинанын буга чейин билдиргенине караганда, доо арыз маркум Александр Иванов иштеген Airkraft Petrol Management компаниясына каршы берилген. Анда Эмгек кодексине жараша Ивановдун 20 жылдык маянасын төлөтүп берүү талабы коюлган. Александр Иванов былтыр 6-декабрда “Манас” аба майданында америкалык аскер тарабынан атылып өлтүрүлгөн. (SM)