Кардын калың түшкөндүгү жана жаздын башталышы менен өлкө тургундарын кооптондурган табият кырсыктары болорун эске алып, адистер Бишкек –Ош жолун тосуучу кар көчкүлөрдү алдына ала түшүрүп тазалоо иштерин жүргүзүүдө.
Кыргызстандагы кар көчкүлөр кооптондуруп тургандыктан өкмөт башчы Азим Исабековдун буйругу боюнча Бишкек-Ош жолу 26- февралдан бери жабылып, адам өмүрүнө коркунуч жараткан айрым участоктогу кар атайын көчүрүлүп, тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Түштүк аймагына кетүүчү Сосновка посту жабык, жүздөн ашуун автоунаа жолдун ачылышын күтүп жатышат. Ош тарапка азык- түлүк алып бараткан айдоочу Канат Карыбаев жол азабын тартканын, азыктары бузулуп баратканын айтып кейиди.
Кечээ 18 автомашина жол тосмолорду бузуп, бейбаштык кылышып, МАИнин кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. 28- февралда Коргоо министрлигинин аткычтар командасы Төөашууга барышып, 5-6-7 участоктогу карды көчүрүү үчүн 8 жолу артиллериядан атышып, атайын көчкү түшүрүшүп, аны тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Алмаз Абдаревдин айтымында артиллериялык команда Алабелге жетип, кооптуу жерлердин карын түшүрүү үчүн аткылоо иштерин улантып жатышат.
Быйылкы жыл көп жагынан табигат кырсыктары, айрыкча кар көчкүлөр арбын катталган. Мурда кар көчкүлөр жалаң түштүктө жүрсө, азыр түндүк райондорунда да күтүлүүдө. Алабелде үч жолу аткылоо болуп, андан ары кетишти. Көчкүбулакта бийиктиги 50 метр, узундугу 300 метрден ашуун кар көчкүсүн эки жагынан 10 техника тазалап жатышат.
Түштүк тараптан Бишкекке багыт алган жүздөн ашуун автоунаа, миңден ашык адам жолдун ачылышын чыдамсыздык менен күтүшүүдө. Бишкектен Ошко жумуштап барып, үйүнө жете албай турган Ислам Исраилов менен телефон аркылуу байланышканыбызда ал, мындай деди:
- Биз кетип баратсак жол жабылып, төрт күндөн бери үй- жай көздөн учуп турат. Суук да ушундай атат, биздин ал- абалды сурап койгон бир да жетекчи болгон жок. Аргасыз жарым жолдо үйгө кайта албай мусапыр болуп турабыз.. Жол толук ачылса Бишкекке жетсек болот эле.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин оперативдик кызматынын өкүлү Уран Жамановдун айтымында Бишкек-Ош жолу 2-3 күндө ачылышы мүмкүн.