13:30 Көкжар айыл өкмөтүндөгү мыйзамсыз салынып жаткан турак жайлар түрттүрүлүп салынды

Мыйзамсыз басылып алынган 40 гектар жер аталган айыл өкмөттүн 80 тургунуна тиешелүү болгон. Эки жылдан бери жерин мыйзамсыз тарттырып жиберген Көкжарлыктар бир канча ирээт кайрылуу жасашкан. Бүгүн болсо жергиликтүү бийликтин кийлигишүүсү менен курулуп жаткан 41 пайдубал жана 2 кичине үй түрттүрүлүп салынды. Көкжар айыл өкмөтүнө тиешелүү 40 гектар аянт 2005-жылы мыйзамсыз басылып алынган. (JJ)