Бул тууралуу НАТО командачылыгын Ооганстандагы өкүлү Том Коллинс билдирди. Дүйшөмбү күнү Кабулдун жанындагы Баграм аскерий базасынын жанында жан кечти миналанган машинени жардырып жиберип, кеминде 23 адам курман болгон. Бул маалда базада АКШнын вице-президенти Дик Чейни бар болчу. Террорчулук үчүн жоопкерчиликти өзүнө талибдер алды.