Босниядагы Сербия республикасынын өкмөтү 90-жылдары серб эмес калкка каршы жасалган кылмыш боюнча терең өкүнүч билдирди

Босниялык сербдердин республикасы күнөөлүүлөрдү жазалоо үчүн бардык чараларды колдонот деп айтылат расмий билдирүүдө. 26-февралда Гаагадагы эл аралык сот 1992-95-жылдардагы Босниядагы тукум курут иштери үчүн Сербиянын тикелей жоопкерчилиги жок деп тапкан. Бирок Сербия сегиз миң босниялык серб мусулмандарынын өлүмүн болтурбоого аракет жасаган эмес деп белгилеген сот.