Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов шайлоо алдында аткарылары күмөндүү көрүнгөн көп убадаларды берип,алыс-жуукту таңдандырган эле. Айткандарынын бир тобун илгиртпей ишке ашырып, жаңы президент жергиликтүү калкты тургай чет элдик байкоочуларды дагы бир жолу таң калтырды.
Гурбангулы Бердымухаммедов ырасмий түрдө кызматына киришкенден бери үч аптадай убакыт өтө элек. Бирок өлкөнүн ички турмушунда бир кыйла өзгөрүүлөр болуп өттү.
Лондондогу согуш жана тынчтык институтунун улук редактору Жон Маклеод жаңы президентке эч кандай кысым-кысмак жасалбаса да ушундай кадамдарга барганына биресе тен берип, биресе таң калат. “Бул убадалар аткарылбашы керек эле, бирок аткарылды. Менимче, мунун пайдасы гана бар”,- дейт Маклеод.
Ниязовдун тушунда орто мектепте тогуз жыл эле окутчу. Бердымухаммедов өлкөнү кайра он жылдык билим берүү системасына өткөрдү. Мунун аркасында кошумча жумушчу орундар түзүлдү. Мындан тышкары жогорку окуу жайлары да реформаланып, түркмөн жаштарына чет өлкөлөрдөн билим алганга мүмкүнчүлүк ачылды.
Ачык коом институтунун Түркмөнстан боюнча программасынын директору Эрика Дейлэй жаңы президенттин билим берүү тармагындагы демилгелерин кубаттап, бирок өлкөдө дагы көп иштерди жасоо керектигин белгиледи. Ниязовдун тушунда билим берүү чөйрөсү өзгөчө кедерине кеткенин эске салып, ал бу системаны толук кемелине келтирүү үчүн көп күч-аракет,кыйла жылдар керек болорун кошумчалады.
Бердымухаммедов интернет чөйрөсүндөгү убадаларын да аткарды. Өлкөдө өкмөттүн көзөмөлүндө турса да бир нече интернет-кафелер ачылды. Ниязовдун тушунда тыш дүйнө менен байланышып, интернет аркылуу кат-кабар алышканга караманча тыюу салынган эле. Жаңы президент эми айыл чарбасында да аздыр-көптүр реформаларды жасаганга камынып жатат. Жалпысынан эски режимдин жаалы кыйла кайта түшкөнү өлкөдөгү элге тургай сүргүндө жүргөн оппозицияга да сезиле баштады.
Ошентсе да Жон Маклеод түркмөн президентинин реформалары өтө эле жупуну мүнөздө болушу мүмкүн, коомго анча-мынча эркиндик берип, аны ошол абалда кармаганга умтулат окшойт деп болжолдойт. Бул бир жагынан өлкөнүн сырт дүйнөдөгү беделин биртке болсо да жогорулатканга, экинчи жактан президенттин калк ичиндеги аброюн бекемдегенге керек.
Байкоочулар Түркмөнстандын тышкы саясатында да өзгөрүүлөр болушу ажеп эмес дешет. Баарыдан мурда Ашхабад Кытай,Ооганстан менен байланышын бекемдегенге дама кылып жаткандай. Жаңы өкмөт, aтап айтканда, оогандардан аласасын кечти. Февралдын этегинен тартып Түркмөнстанда россиялык ОРТ телеканалынын айрым программалары көрсөтүлө баштады.