Монголдор менен болгон согуштун биринде Еренак шейит учуп, ал кабар орустарга 1688-жылдын 1-мартында белгилүү болгон. Кыргызстан республикалык искусство кызматкерлеринин биринчи кеңешмеси 1948-жылдын 1-мартында ишин баштады.
Энесайлык кыргыздар XVII кылымдын экинчи жарымында бир тарабынан жунгар, экинчи жагынан монгол алтынхандарынын саясий жана согуштук атаандашуусунун ортосунда калган. Еренак баштаган кыргыздар бу убакта жунгарларга баш ийгенине байланыштуу алар менен биригип, монголдорго каршы күрөшкөн. Алаамат согуш азганакай кыргыздарды демографиялык кыргынга эле кириптер кылбастан, алардын мал, мүлкүнүн таланып-тонолушуна алып келди. Монголдор менен болгон согуштун биринде Еренак шейит учкан. Бу туурасында Кузнеск воеводасына кыргыз туткуну Мойнак Елеев 1688-жылдын 1-мартында кабарлаган. Анын айтымында Чолушман үчүн кармашта Еренак жана анын уулу каза тапкан. Алар менен кошо 300 чамалуу жоокердин денеси согуш талаасында калган.
Кыргыз областтык III партиялык конференциянын иши 1927-жылдын 1-мартында башталды. Конференцияда партиялык кадрларды даярдоонун мектеби саналган комсомолдун иши жана аялдар арасында үгүт, насыят жумушунун ааткарылыш маселелери талкууланды. Мындан тышкаары, партия жетекчилери Кыргызстандын чарбалык уюшулушу туурасында пикир алмашышты.
Кыргыз АССР Башкы сотунун көчмө сессиясы 1931-жылдын бу күндөрү «социализм курулушундагы Нарында орун алган өксүктүктөрдү» териштирип атты. Нарындагы курулуш тармагында эмгектенген жумушчулар Атбашыда салынчу көпүрө, Нарындагы клуб жана Кочкордо курулчу үч мектеп, ооруканага деп бөлүнгөн курулуш материалдарын кытып социалисттик менчикке доо кетиришкен.
Кыргызстандын борбору Фрунзе шаарында биринчи полиграфтрест 1932-жылдын 1-мартында уюшулган. Буга чейин өз алдынча иштеп келген төрт типография бириктирилип, алардын ордуна өндүрүмдүү ишкана ишке киришкен.
Кыргызстан республикалык искусство кызматкерлеринин биринчи кеңешмеси 1948-жылдын 1-мартында ишин баштады. Республикалык искусство кызматкерлери советтик адамдардын ажайып слуулукка болгон табитин арттырып, искусство мекемелерин уюштуруу сыяктуу маселелерди талкуулашты.
Бу күнү, 1810-жылы атактуу поляк пианисти, композитор Фридерик Шопен, 1945-жылы акын Жоомарт Чоробаев жарык дүйнөгө келген.