Мындай пикирин жаңыдан түзүлгөн «Келечеги кең Кыргызстан үчүн» оппозициялык бириккен фронттун лидери Феликс Кулов жергеликтүү маалымат каражаттарына берген интервьюсунда билдирген. Тышкы карызды элден акча чогултуу менен төлөө мүмкүн эмес деп айткан мурунку өкмөт башчы. Алдыдагы саясий күрөштөргө токтолгон Кулов, өлкөдө жарандык согушту бийлик гана башташы мүмкүн, биз мамлекетти кандай сактап калууну билебиз, деп билдирген. (AiT)