Укук коргоочулар дайынсыз жоголгон 16 айыпкерди издеп жатат

Адам укуктарын коргоо боюнча "Хьюман Райт Уотч" уюму 2001-жылы террорчулукка тиешеси бар деген шек менен кармалгандардын тагдырына тынчсыздануусун билдирип, АКШнын президенти Жорж Бушка кайрылды. Укук коргоочулар Буштун көңүлүн өзгөчө Борбордук чалгындоо кызматынын абактарында кармалган 16 айыпкердин тагдырына бурат.