(www.cinema.kg)Эми бул сайттан кинокүйөрмандар кыргыз киносунда болуп жаңылыктардан окуй алышат. Кыргыз киносуна арналган интернет баракчасын ачуу идеясы 10+ демилгелүү тобуна таандык.
Сорос-Кыргызстан кору тарабынан каржыланып жаткан бул долбоордун негизги максаты виртуалдуу мейкиндикте кыргыз киносу тууралу маалыматты жайылтуу деди Ой-Арт продюсердик борборунун жетекчиси Алтынай Койчуманова.
-Бул интернет баракча жалпы кыргыз киносундагы маалыматтарды камтыган китепкана сыяктуу болот. Мисалы иштеп жаткан киностудиялар, өлкөдө тартылып жаткан жаңы тасмалар, жаш режиссерлор, соңку долбоорлор жөнүндө кабарлар берилип турмакчы. Ошондой эле 10+демилгелүү тобунун жүргүзүп жаткан иштери туурасында да маалыматтар чагылдырылып турат. Интернет баракчадагы басым жасай турган негизги бөлүм бул форум. Андан кинокүйөрмандары менен кинорежиссерлор байланышып, кинотармагындагы маселерди талкуулашып, кызыккан суроолоруна жооп ала алышат.
Ал эми жаш кинорежиссерлорду окутуу долбоорунун жетекчиси Гульмира Керимова бул интернет баракчанын курска тийгизе турган таасири чоң экендигин белгиледи.
-Билим алып жаткандардын көпчүлүгү жаштар. Жалпысынан 25 адам окуп жатышат. Менин оюмча сайт аркылуу баарлашуу өзгөчө жаштар үчүн ыңгайлуу. Биз сайтка акыркы жаңылыктарыбыздан жазып турабыз. Мисалы кайсы өлкөдөн киноишмерлер келип алар кандай темада сабак берип жаткандыктары жана башка ушул сыяктуу маалыматтар. Ал эми форумдан болсо кинокүйөрмандары билим алып жаткан жаш кинорежиссерлорго өздөрүнүн суроо-талаптарын айтышып, алар менен баарлашышканга мүмкүнчүлүк алышат. Андыктан бул интернет баракчанын биздин курс үчүн пайдасы чоң.
Белгилүү кинорежиссер Эрнист Абдыжапаров кыргыз киносуна арналган интернет баракчанын ачылышы, кыргыз кинорежиссерлору үчүн чоң жаңылык экенин айтып, сайт кыргыз киносунун алдыга кадам жасашына чоң өбөлгө түзөөрүн белгиледи.
Сорос-Кыргызстан корунан билдиришкендей жалпы эле кыргыз кинематографиясын өнүктүрүү долбооруна 10 миң доллар жумшалып, ошол долбоордун алкагында сайт ачылган.
-Айжан Шаботоева, Бишкек