Украинанын премьер-министри Янукович: АКШ Украина менен кеңешүүгө тийиш

Чехия жана Польшанын аймагында ракетага каршы система орнотуудан мурун АКШ Орусия жана Украина менен кеңешүүгө тийиш. Бул тууралуу Украинанын премьер-министри Виктор Янукович Германиянын “Ханделсблатт” гезитине берген интервьюсунда билдирди. Мындай чечимдер ар тараптуу талкуулардан кийин гана кабыл алынышы керек деп кошумчалады Янукович.