ЕККУнун Парламенттик жыйынын 17- сессиясы 2008-жылы июлда Казакстанда өтөт

Казакстандын Сенатынын басма сөз кызматы тараткан билдирүүгө ылайык, белгиленген сессияда диний экстремизм, маң заттарынын аткезчилиги жана адам сатуу сыяктуу көйгөйлүү маселелер талкууланышы күтүлүүдө. Казакстан 2009-жылы ЕККУда жетекчилик кылууну көздөөдө.