11:51 Ысыката районундагы Тельман айылында жаңы мечиттин курулушу башталды

25-февралда Тельман айылында жаңы мечиттин курулушу башталды. Мечит курууга каражатты Араб Эмираттарындагы кайрымдуулук фондусу берген. Андан сырткары жергиликтүү эл дагы өздөрүнүн колдон келген акчалай салымдарын кошушту. Мечитти долборлоого байланышкан алгачкы чыгымдарды төлөөгө Бишкектеги түбү ушул айылдык кызматкер Медет Султанбаев каржылык колдоо көрсөткөн. Арабдардын кайрымдуулук фондусунун жардамы менен жакында ушул эле райондо Кызыларык жана Ротфронт айылдарында дагы мечиттер курулмакчы. ЖК депутаты Каныбек Иманалиевдин эсеби боюнча Кыргызстанда диний эркиндик орногон он алты жылдан бери 4 миңдей мечит салынган. (KCh)