Бир жума мурда уюшулган бул оппозициялык кыймыл буга дейре «Ар-намыс», «Ата Мекен» партияларынын жана «Агым» гезитинин кеңселеринде иш жүргүзүп келген. «Ар-намыс» партиясынын лидерлеринин бири Эмил Алиев кыймылдын кеңселери учурда өлкөнүн бардык облустарында да ачылып жатканын «Азаттыкка» бүгүн эртең менен билдирди. Экс-премьер-министр Феликс Кулов баштаган бул кыймылдын штабын азыр Өмүрбек Суваналиев жетектөөдө. Буга чейин таратылган билдирүүдө кыймылдын негизги максаты - чыныгы конституциялык реформаны ишке ашыруу үчүн президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүгө жетишүү экени айтылган.(SM)