ОРУСИЯ: ЖОГОЛУП БАРАТКАН «Ё» АРИБИН САКТОО АРАКЕТИ

Төрөкул Дооров, Москва Орусиянын баш калаасы Москвада «Ёлки-палки» деген бир топ ресторандардын түйүнү иштейт. Андан сырткары, СССР лидерлери Никита Хрущев, Михаил Горбачевдун ысымдарын жазганда да азыр баарыбыз эле, албетте, орус алфавитиндеги «Ё» арибинин оордуна «Е» тамгасын колдонуз. «Ё» азыр орус тилдүү гезит-журналдарда, адабий чыгармаларда колдонуудан дээрлик чыгып калды. Орус жергесинде ушул тапта азыр китеп жазып, өзүн жазуучу атап жүргөн мурдагы инженер Виктор Чумаков дал ушул «Ё» тамгасын кайра алфавитке кайтаруу үчүн аракет кылып келатат.
Москванын түндүгүндөгү өзүнүн кичинекей квартирасынын бир бурчун Виктор Чумаков «Ё» тамгасына арнаган. Бул жерде ал арипке тиешелүү буюм-тайымдар сакталып турат. «Жигулёвское» пивосунун бөтөлкөсү, Санкт-Петербург шаарындагы «Ёксел-Моксел» ресторанынын менюсу жана «Тёма» сүтүнүн эн белгисине окшогон буюмдар бар.

Инженер катары пенсияга чыккандан бери Чумаков орус алфавитиндеги ушул «Ё» тамгасын кантип болсо да жок болуп кетүүдөн коргоону өзүнүн башкы милдети кылып алды.

- Мен «Ё» тамгасын биздин баардык гезит-журналдарга, китептерге кайтаруу үчүн аракет кылып келатам. Буга убакыт жетти, анткени азыр бул аракетти көрүүгө эч нерсе алакыт боло албайт, - деп ишенет Чумаков.

Анын айтымында, «Ё» ариби орус алфавитине кечигип кирди. 1795-жылдан тартып гана орусиялык жаш балдар «небо» (асман) жана «нёбо» (таңдай) деген сөздөрдү так айырмалай алышкан.

Ал эми Иосиф Сталин бийликке келгенден кийин ал бейрасмий декрет чыгарып, анда «Ё» тамгасын шарттуу түрдө колдонуу зарылдыгын айткан.

- Согуш учурунда баардык маалымат так көрсөтүлүшү керек болчу. Анткени, эгерде «Берёзово» деген айыл же кыштак жөнүндө сөз болсо, аны «Березово» менен алмаштырып албаш керек эле. Андан сырткары, генерал Огневди, Огнёв деген киши менен да алмаштырганга болбойт да. Андыктан, «Ё» тамгасы айрым учурларда сөздүн маани-мазмунун ажыраткыч күчкөө ээ болуп турду.

Арадан мезгил өтүп, Иосиф Сталин дүйнөдөн кайткандан кийин «Ё» тамгасын колдонуу адаттан чыгып калды. Айрымдардын айтымында, буга себеп – көп гезиттерди басып чыгарууда адамдар боекту үнөмдөп, «Ё» тамгасын жазыш үчүн ушул эки чекитти коюудан да баш тартышты.

Бүгүн заманбап компьютерлерде да клавиатуранын сол жагындагы бурчунда «Ё» арибин тапса болот. Бирок орусиялык гезиттердин ичинде аны колдонгондордун саны азайгандан азайып баратат.

Светлана Любошец – «Московский комсомолец» гезитиндеги редакторлордун бири. Анын айтымында, «Е» тасмасынын башына эки чекитти коюунун азыр эч кандай деле зарылчыгы жок, анткени баардык эле адамдар «Ё» менен «Е» ариптеринин айырмасын билет.

- Орус тилин мыкты билгендердин ичинде эч ким балатыны, мисалы, «Елка» деп айтпайт, албетте. Анткени ал «Ёлка» экени жалпыга маалым. Ушундай эле мисалды кирпи-чечен, «Ёжик» жөнүндө, айтсак болот, - дейт Светлана Любошец.

«Ё» тамгасы орус алфавитинен чыгып калышына орус тилиндеги сөгүнгөн сөздөрдүн көбү дал ушул «Ё» менен балталышы себеп болду дешет айрымдар. Бирок Чумаков буга макул эмес. Ал бул тамганын тарыхы жөнүндө үч китеп, жана бир сөздүк жазганын, алардын ичинде бир да сөгүш сөзү колдонулбаганын айтат.

Ар жумада Чумаков орусиялык гезиттердин редакторлоруна көптөгөн макалаларды жиберип турат экен. Айрым гезиттер, мисалы, «Советская Россия», «Литературная газета», жана «Аргументы и факты», Чумаковдун айтымында, кайрадан «Ё» тамгасын колдонууну башташты.