Негизги максат Ирандын өзөктүк программаларын токтотуунун дипломатиялык жолун табуу керек болчу деп кошумчалады Чуркин. Кечээ Иран БУУнун Коопсуздук кеңеши талап кылгандай 21-февралга чейин уранды байытуу иштерин токтотпой тургандыгын расмий билдирген. Франция жана Британия БУУну Иранга каршы санкцияларды киргизүүгө чакырып жатат.