Нобель сыйлыгынын эки лауреаты саясатка аралашууга бел байлады

Гватемаладан Ригоберта Менчу сентябрдагы президенттик шайлоого катышарын билдирди. Менчу көп жылдар бою ишчилердин жана дыйкандардын укугун коргоп келгендиги үчүн 1992-жылы Нобель сыйлыгын алган. Кечээ Бангладеште сыйлыктын дагы бир ээси Мухаммед Юнустун “Нагарик Шакти” партиясы расмий каттоодон өттү. Юнус “жакырлар үчүн банк” долбоорун ишке ашыргандыгы үчүн өткөн жылы Нобель сыйлыгына ээ болгон.

Зейнеп Мартбек кызы, Прага