Иран БУУнун Коопсуздук кеңешинин уранды байытуу иштерин токтотуу талабын аткарбайт

Президент Махмуд Ахмадинежад иштер мындан дагы тездетилген арымда улантыла бере тургандыгын билдирди. Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик бүгүн Иранга байланыштуу билдирүү таратат. Иранга каршы жаңы санкциялар киргизилиши мүмкүн.