ПАРЛАМЕНТ КОМИССИЯСЫ «КУМТӨРДҮ» КАЙТАРЫП АЛУУ АРАКЕТИН БАШТАДЫ

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Кумтөр кенин мамлекетке кайтаруу боюнча мыйзам долбоорун даярдап жатканын билдиришти. Бул арада бир жагынан алтын иштери боюнча депутаттык комиссия өз ишин улантып жатса,экинчи жактан Кумтөргө ээлик кылган Камеко корпорациясы кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүүгө киришүүдө. Эгерде Кумтөрдү кайтаруу боюнча мыйзам кабыл алынса анын пайда, зыяны кандай болот?
Кыргызстандагы алтын кендеринин иштетилиши боюнча парламентик комиссия өткөн жылдын июнь айынан бери иштеп келатат. Аны депутат Болот Шерниязов жетектейт. Мына ушул депутаттык комиссиянын мүчөсү Карганбек Самаков Кумтөр кенин мамлекетке кайтаруу демилгесин көтөрүп, бул багытта атайын мыйзам долбоору даярдыгын билдирди:

-Долбоор даяр. Бирок азыр айтканга бир аз эртелик кылат. Ушул айткан сөзүмдөн кайтпаймын, Жогорку Кеңеште алтын боюнча түзүлгөн комиссиянын мүчөсү катары айткым келет биз сөзсүз ал мыйзамды кабыл алышыбыз керек.

Мына ушундай мыйзам кабыл алынса Кумтөр боюнча жаңы макулдашуу түзүлүүгө жол ачылат деп эсептейт Самаков:

-Эгерде биз ушундай мыйзам кабыл алсак Кумтөрдү ээлеп тургандар кыргыз өкмөтү менен кайра сүйлөшүүлөргө келип, жаңы макулдашуу түзүлөт. Азыр казылып кете элек 536 тонна алтын бул 10 миллиард доллар.Ошонун жок дегенде үчтөн бири Кыргызстанда кала турган болсо, анда өлкөбүздүн ички, тышкы карызын жапканга мүмкүнчүлүк болот эле.

Бул ишке карата өкмөт кандай пикирде. Юстиция министри Марат Кайыповдун айтымында, Кумтөр ушул кезге чейин лицензия албай иштеп келатат:

-Адилет министрлиги тарабынан иликтеп көргөнүбүздө Кумтөр лицензия албай иштеп келатканы айкын болду. Демек, мыйзам боюнча лицензия албай иштеп келаткан ишканадан кенди тартып алып коюш керек. Ал эми депутаттардын демилгеси боюнча, айтсам ал мыйзамды карап көрүш керек. Терс таасирлер боюнча мындай бир жыйынтыкка келишибиз керек. Кайсы ишкана болбосун Кыргызстанда иштеп жаткандан кийин Кыргызстандын мыйзамдарына баш ийиш керек.

Эгерде Кумтөрдү мамлекетке кайтаруу идеясы турмушка ашса, анын терс жактары кандай болушу ыктымал. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Эркин Алымбеков мындай пикирде:

-Жөн эле басып ала коебуз деген туура эмес. Аны жасаардан мурда ар жак, бер жагын эсепке алыш керек. Муну өкмөт профессионалдык көз караш менен карап, эсепке алыш керек. Анын айынан жалпы Кыргызстандын эл аралык мамилесине кандай зыян келбейби деген ой болуш керек.

Депутат Карганбек Самаковдун айтымында, депутаттык комиссия алтын иштери боюнча олуттуу иштерди жасагандан кийин бул маселе боюнча өкмөттүк комиссия түзүлдү. Бирок ал комиссиянын иштери депутаттарга белгисиз.

-Мен бул комиссияга ишенбеймин. Себеби, бул комиссия өкмөттүн токтомунун негизинде иштеп жатат экен. Ал токтомду депутаттар билбейбиз. Өкмөттүк комиссиянын курамына үч депутат бар экен. Аны биз билдик. Буга да мен толук ишенбеймин. Эл да ишенбейт. Себеби ар бир даярдалып жактан токтомду парламент, эл билиш керек. Анан мындай жашыруун, өзүнчө сүйлөшүүлөр болбош керек. Ошондуктан өкмөт түзгөн комиссия жемиш бербейт деген ойдомун. Жогорку Кеңештин комиссиясы түзүлүп, баарын казып, документтерди алып бүткөндөн кийин көмүскөдө өкмөттүк комиссия пайда болуп жатат,- деди Карганбек Самаков.

Бирок, өкмөт тарабынан Кумтөргө байланыштуу материалдар депутаттык комиссияга берилип жатканын депутат белгилеп, материалдар бир эле өкмөт эмес мурунку депутаттык комиссиялар, эксперттер тарабынан берилип жатканын кошумчалады.
Карганбек Самаковдун пикиринде, 2003-жылы Кумтөрдү Центеррага кошуу коррупциялык иш аракет болгон. Ошондуктан аны токтотуу жана элдин байлыгын элге кайтаруу зарыл.