16:15 Омар Хаямдын чыгармачылыгына арналган конференция Славян университетинде өтөт

Иш чара 24-февралга белгиленген. Конференцияга Кыргызстан менен Тажикстандын белгилүү акын-жазуучулары, тарыхчылары, тилчилери жана Иран элчилигинин өкүлдөрү катышат. Алар Омар Хаямдын жашосу, чыгармачылыгы тууралуу талкуу жүргүзүшөт, анын ырларын окушат. (AiJu)