15:40 Жогорку Кеңеш бүгүн республикалык бюджетти биринчи окулушунда кабыл алды.

Парламент долбоордун экинчи, үчүнчү окулушун бейшемби күнү талкуулап, кабыл алууну болжоп жатат. Депутаттар бюджеттин киреше бөлүгүн 400 миллион сомдон 1 млрд. 400 миллион сомго чейин көбөйтүүнү сунуш кылышты. Сунуштарды тиешелүү комитеттер карап, бүтүм чыгарышы керек. Каржы министрлиги республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн 25 миллиард 700 миллион сом, чыгаша бөлүгү мамлекеттик инвестицияны кошкондо 31 млрд.600 миллион сом деп болжогон. Бюджеттеги таңсыктык 4 млрд 100 миллион сомду түзгөн. (BuS)