Өткөн түнү Индиядан Пакистанга бара жаткан поезде чыккан өрт кеминде 66 адамдын өмүрүн алып кеткен. Алардын көпчүлүгү пакистандыктар болгон. Кечээ Пакистандын президенти Первез Мушарраф террорчулар Индия менен Пакистан ортосундагы тынчтык жараянын буза албайт деп билдирди.