ЖАЛАҢ ЧИНОВНИК ЖАНА ЖАЛГЫЗ ЭМЧЕК

Байкап карасаңыз, алакандын отундай өлкө болуп туруп учу-кыйрына көз жетпеген Орусияны туурайбыз, биздин трагедиябыз мына ушунда. Президент админстрациясында 20 бөлүм менен сектор бар. Өкмөтүндө14. Экөө тең бирин бири белимчидей кайталайт. Анда башка 19 мамлекеттик орган түзүлдү. Баарынын жабалактап эмгени казынанын жалгыз эмчеги. Мисалы, президенттин иш башкармалыгына былтыр 339,3 миллион сом бөлүнсө, быйыл-540,1 миллион сом каралды же 59,2 пайызга өстү. Президенттин админстрациясына былтыр-91,6 миллион сом бекитилсе, быйыл 115,4 миилион сом бөлүндү же 26 пайызга өстү. Дагы бир орган-Башпрокуратура кудайды карабагандай кактайт, анын сүт акысы эле-122,9 миллион сомду түзөт деп айтты, «Агым» гезитине курган маегинде экономика илиминин доктору Айылчы Сарыбаев. Профессор мырзанын айтымында өткөн 2006-жылы кошумча кирешелерден түшкөн 1 миллиард сомго жакын каражат тескери жумшалып кеткен…

«Эркин тоо» гезити, биз жашап турган дүйнө менен жанаша жашаган дагы бир дүйнө барын, ал Кыргызстандын түрмөлөрү экенине көңүлдү бурат. Бүгүн өлүм жазасын түбөлүк түрмө менен алмаштыргандардын жаткан жайы киши чыдагыс абалда. Ал эми жаңы түрмө курулушу баш- аягы 140 миллион сомдун башын жутары бышык. Бирок, кандай болгон күндө да аны курбаса болбойт. Анткени учур ушуну талап кылууда.

«Кыргыз туусу» гезити, окурмандардын көңүлүн «Солдат сатам, аласыңбы?» деген макалага бурду. Анда аскер полковниги Галим Тулгебаев кызмат абалынан пайдаланып, Асанов Бекмурза менен Турсунбеков Азамат аттуу эки жоокерди дунган таанышы Юсузов Анюбга мандикерликке берип ийгенин, азыр полковник менен дунган байына кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп, жакында сот өкүмү угузулары туурасында сөз болот.

«МСН» гезити, «Төө буурчак төө бастысы качан токтойт?» деген баштема менен Таластык дыйкандарды кайрадан кабатыр кылып жаткан төө бууурчак маселесин кеп кылган. Карабууралыктардын кардын кампайтып келген төө буурчактын арзандап кетиши жергиликтүү тургундарды бир топ мүшкүлгө сала турган болуп калды.. Дыйкандардын төө буурчак үчүн тарткан эмгеги чыгымын жаба албай калды. Жаштар паспорту жогунан эле чыдап турушат. Паспорт алары менен алардын Орусия менен Казакстанга агымы күч алары турган иш. Ошентип, бул күндөрү Таластын бир башында алтын чуусу басылбай келатса, бир башында төө буурчак дегендин чыры башталып, бул дубанда революциялык кырдаал өзүнөн өзү бышып жетилгенин, эми кудай берген пикеттер биринен сала бири боло берерин жазат.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ