Бүгүн Жогорку Кеңеш 2007-жылдын бюджетин карай баштады. Бюджетке киришүүдөн мурда депутаттар жер титирөөлөрдүн кесепеттерин жоюу боюнча өкмөттүн ишин жетишерлик эмес деп атап, тийиштүү токтом кабыл алды.
Каржы министри Акылбек Жапаров эки деңгээлдүү боюджет долбоорунун параметрлери тууралуу депутаттарга маалымат берди. Ал долбоор өткөн жылы сентябрь айында парламентке жолдонгон. Бирок өлкөгө төрт деңгээлдүүбү, үч деңгээлдүүбү же эки деңгээлдүү бюджет керекпи деген талаштардын жана белгилүү саясий окуялардын айынан долбоор өз убагында каралбай калган. Өкмөт быйылкы жылы төрт деңгээлдүү бюджет менен жашап, келерки жылдан тарта эки деңгээлдүү бюджетке өтүүнү жактаган. Бирок депутаттардын каршылыгы өкмөт башчысын андай пикирин өзгөртүүгө алып келди. Акылбек Жапаров бул жылдын бюджетинин өзгөчүлүгү тууралуу буларды белгиледи:
-Бул жылдын бюджеттик жараяны радикалдуу өзгөртүүлөргө толгондугу менен айырмаланат. Биринчиден, каржы министрлиги 2007-жылдын бюджетинин долбоорундагы бюджет аралык мамилелерди эки деңгээлдүү вариантта иштеп чыктык.
Маалыматка караганда, быйылкы жылы ички дүң продуктунун көлөмү 122 миллиард 200 миллион сом болуп, өткөн жылга салыштырмалуу өсүш 5.5% болоору болжолдонууда. Ал эми инфляция 5% деп эсептелүүдө. Киреше 25 миллиард 700 миллион сом, чыгашасы мамлекеттик инвестиция менен биргеликте 31 миллиард 600 миллион сом деп каралды. Таңсыктык 4 миллиард 100 миллион сом деп белгиленүүдө.
Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитети бюджетти дээрлик үч миллиард сомго көбөйтүүнү сунуштоодо. Төрага Марат Султанов бюджетти кабыл алуунун тартибин эске салды:
-Бюджетти үч окууда карайбыз. Биринчи окууда биз үч параметрди бекитебиз. Бул ички дүң продкуциянын көлөмү жана анын абсолюттук суммасы, экинчи бюджеттин кирешеси, үчүнчү чыгашасы. Эгерде таңсыктык болсо анын көлөмүн бекитебиз.
Шейшемби күнү депутаттар бюджет долбоору боюнча каржы министрлигине суроолорду бере баштайт.
Бюджет каралганга чейин парламент Кочкор районунда жана Баткен облусундагы жер титирөөлөрдүн кесепеттерин жоюу иштерин карап, анын соңунда бул багытта өкмөттүн ишин жетишерлик эмес деп атаган токтом кабыл алды. Депутаттар токтом долбоордун алгачкы вариантында өкмөттүн ишин канааттандырарлык эмес деп табууну сунуштаган.
Бирок өкмөт башчынын депутаттарга мындай өтүнүч менен кайрылды:
-Сиздер токтом долбооруна өкмөт ишине канааттандырарлык эмес деп баа беребиз деп жазып жатасыздар. Премьер-министр катары эки жумада ишке кирише албай жатып эки алганым мени өтө тынчсыздандырып жатат. Ошондуктан жумушту экиден баштабайын. Добуш берүүдө ушул жагын ойлонуп койсоңуздар. Ырас, сиздердин сын-пикириңиздерди эске алып, колубуздан келген иштердин баарын жасайбыз.
Өкмөт башчы Азим Исабековдун мына ушундай өтүнүчү катаал формулировканы бир аз жумшартууга алып келди.
Зилзаланын кесепеттерин жоюу маселесин талкууда буга чейинки табыйгый кырсыктарда жабыркаган атуулдарга берилбей келаткан жардам жөнүндө да сөз болду. Өкмөт Исабеков каражаттын жетишсиздиги мына ушундай кемчиликтерге алып келип жатканын белгиледи. Депутат Болот Шерниязов бул багытка Центерранын акциясын сатуудан түшкөн 86 миллион долларды жумшоону сунуштады. Бирок депутат Арсланбек Малиев ал акчаны пайдалануу Центерраны мыйзамдаштырууга барабар деп, ага каршы чыкты:
-Мен Шерниязовду түшүнбөй жатам. Ал жан талашып мыйзамсыз 86 миллион долларды бюджетке киргизүүгө аракет кылып жатат. Бул туура эмес. Мурда биз Мыйзам чыгаруу жыйынында бул маселени карап, ал боюнча токтом кабыл алганбыз. Центерраны түзүү мыйзамсыз. Мен жакында Кумтөрдү мамлекетке кайтаруу боюнча мыйзам долбоорун киргизем. Биз аны мамлекетке кайтарбасак болбойт.
Мына ушундай талкуулар соңунда токтом кабыл алып, андан кийин депутаттар жогоруда белгиленгендей быйылкы жылдын бюджет долбоорун кароого киришти.