Бүгүн парламент 2007-жылдын бюджети тууралуу мыйзам долбоорун кароого киришет. Негизги экономикалык документ мурдагыдай төрт баскычтан турабы же эки баскычтан түзүлөбү суроосу мурдагы өкмөт тарабынан так чечилбей, бюджет долбоору маалынан кечигип каралууда. Кабарчыбыз Бекташ Шамшиев Кыргызстандын каржы министри Акылбек Жапаров менен 2007-жылдын бюджети тууралуу аңгемелешкен.
-Биринчи күнү 2007-жылдын бюджетин кароого өтөбүз, макроэкономикалык параметрлерин буга чейин 7 комитет менен талкуулап, бүтүрүп койгонбуз. Бүгүнкү күндөгү талаш-тартыш салык, жыйымдар боюнча комитет менен бюджет жана каржы комитеттеринин ортосунда гана болууда. Киреше жагы боюнча мына ушул эки комитеттин чечмелөөсүндө бираз айырма чыгып жатат. Мисалы, Акматбек Келдибековдун каржы жана бюджет комитети кирешеге кошумча 2 миллиард 800 миллион сомго жакын каражат бар дешсе, салык, жыйымдар боюнча комитет 1 миллиард 800 миллион сомдун тегереги деп жатат. Буюрса мына эми парламентте 2007-жылдын бюджети карала турган болсо мына бул ажырымдык жоюлуп, биринчи, экинчи күнү макроэкономикалык көрсөткүчтөр такталып бюджет кабыл алынат го деп ойлойм.
Анан өзүңүздөр билесиздер, премьер-министр кечөө эки баскычтуу бюджетке өтүүгө макулдугун берди. Каржы министрлиги бираз кыйналат, ага парламент да, биз да жардам берсек абалдан чыгып кетебиз деди. Бул боюнча талаш-тартыштарга чекит коюлду го деп ойлоп жатам. Эки тепкич бюджетти биз мыйзамга ылайык киргизгенбиз. Бирок да мурунку өкмөт башчы баштагыдай эле төрт баскычтуу бюджетти сактоо өтүнүчү менен кайрылган. Андан кийин депутаттардын өзү, А.Келдибеков, И.Гаипкулов жана башкалар бюджетти дагы бир жылга үч баскычтуу кылалы деп сунуш киргизишкен. Анан ага кечээ чекит коюлду. Мындан ары биз эки баскычтуу бюджет менен иштейбиз.
- Феликс Кулов өзүнүн билдирүүсүндө башында ХИПКке каршы болуп, бирок да президент Африка жараны болууга деле кайыл болгондон кийин программага кирүүгө макул болгонун айтты. Сиздин оюңузча, жаңы өкмөт бул маселени кандай чечет? Азим Исабеков аны парламент макулдугу менен гана чечебиз деген. Ал эми Сиздин өзүңүздүн позицияңыз…
- Менин позициям ошол боюнча калды. Кийинки биздин муундарга деп 1 миллиард 200 миллион долларды кечүүгө мүмкүнчүлүк бар. Ушул программаны аяктоого да жыл аягына чейин бизде мүмкүнчүлүк турат. Бүт бардык эсеп-кысабын бердим. Бул кыргыздын арнамысына тиет, сырттан келип бирөөлөр башкарат деген сөздү билип-билбей айтып аткан кишилер болууда. Бирок, ошонун баарын анализдеп билип айткан кишилер да бар. Билгендердин арасына 2010-жылы президент болом дегендер да кирип жатат.
Алар 1 миллиар 200 миллион долларды кечип, 2010-жылга чейин 140 миллион доллардын тегерегиндеги акча сырткы карызды төлөөгө жумшалбай, ички экономикалык муктаждыкка жумшалса, анда биз К.Бакиевди кетире албайбыз деп, түшүнгөн кишилер андан кабарсыз кишилерди пайдаланып жатышат. Ошондутан мамлекет башында турган адамдар акыркы чечимди кабыл алышы керек деп жатам. Мындай мүмкүнчүлүк эми болбойт.
2006-жылкы экономикалык көрсөткүчтөр боюнча биз эң кедей деген чен-өлчөмгө кирбей калып жатабыз. 2005- менен 2006-жылдары биздин экономикабызда жакшы өсүү тенденциясы байкалды. Киреше көрсөткүчтөрү сырткы карызга карата алганда 250% көбүрөөк болушу керек эле. Биздики 241% гана болду. Дагы бир жагдай, боюнча биз эң кедей деген өлкөлөрдүн катарына 2004-жылдын көрсөткүчтөрү менен гана кире алабыз.
Бүгүнкү күнү биз бул тизмеден чыгып кеттик. Программага 2006-жылдын көрсөткүчтөрү менен кире албайбыз. Демек, кандай гана чечим кабыл албайлы, ушул февралдын аягына дейре бир бүтүмгө келишибиз зарыл.
- Москвада «Кумтөр» алтын кени боюнча сүйлөшүүлөр өттү, анын жыйынтыгы кандай болду? Билесиз, кыргыз өкмөтүнүн «Центера Голд» компаниясында 16% гана акциясы бар. Кыргыз өкмөтү бул боюнча позициясын чечкиндүү билдире алабы? Жаңы долбоор – «Эльдорадо» долбоору боюнча кыргыз өкмөтүнүн позициясы кандай?
- Мен өзүмүн позициямы гана айтып коеюн. «Центера» компаниясы алдоо жолу менен түзүлгөнүн мен айтып келатам. Биздин экономикага эч кандай жакшылык деле алып келген жок. Кечөө күнү депутат Болот Шерниязов ал компаниядагы биздин 16% акциябызды сатып ийип 80 миллион доллардын тегерегинде акча алсак, калган 16% акциябыз бүгүн 400 миллион доллардын тегерегинде турат, деп туура айтты. «Алалбай калган киреше» деген бар. Аныбыз 320 миллиондун тегерегинде болуп жатат. «Центера Голд» компаниясы «Эльдорадо» компаниясына кошулуп кете турган болсо акыркы издердин баары сууйт, адаштырып кетишет.
Ошондуктан бир жыл мурун, жаңы кендер табыла баштаганда Каржы министри катары аларга мен жолдомо жибергем. Советтер Союзу тушунда эле ал жерде 900 тоннага жакын алтын бардыгы аныкталган. Аны канадалыктар да ырастап жатышат, ошончо алтын болушу мүмкүн деп жатышат. Ошондуктан биз жаңы келишим түзүшүбүз керек дегем.
«Центеранын» тегерегинде 155 тонна алтын калды дегенсиңер. Ошондуктан ошол 155 тоннаны калтыра берели. Себеби алар аны эларалык келишим менен камсыздандырып коюшкан. Ал эми андан калганы жаңы келишим менен аныкталат дегем. Ошондуктан мен бул позициямдан тайбайм. Бул жерде бюджетти карап мен Москвага бара албай калдым.
- «Жерүй» алтын кенинин азыркы абалы тууралуу айта кетсеңиз?
- Менимче, «Жерүй» алтын кени быйыл ишке кириши керек. Техника-экономикалык негиздемеси бүткөн. Быйыл киришет деп жатышат.
- 2007-жылдын бюджетинин негизги параметрлери тууралуу айта кетсеңиз. Анан ушуга улай тышкы инвестициянын эсебинен жабылып келген 4 миллиард сомдун чоо-жайын чечмелеп берсеңиз.
- Сандарды так айтуудан тартынып турам. Парламенттин эки комитетинин эки чечими турат. Чыгаша жагыбыз 30 миллиард сомдун тегерегинде болуп жатат. Киреше жагыбыз 26 миллиард сомдун тегерегиндеги акча. Ошондо бюджет таңкыстыгы 4 миллиард сомду түзөт. Муну биз тыштан алып жаап жатабыз. Мына ушул 4 миллиарддын 3 миллиард 2 миллионун ар кайсы банктардан акча алып жыл сайын жаап келатабыз.
Айрым кишилер буларды айдап ийсе болот деп атышпайбы. Буларды айдап ийсе болот. Мына ошол эле Дүйнөлүк банк кетип кала турган болсо биз бюджетке жетпеген 3 миллиард 200 миллион сомду башка тармактардан алышыбыз керек. 2005-жылдан тарта Дүйнөлүк банктан 100% грант акча, кредит дейбиз, карыз акча алып жатабыз. Азия өнүгүү банкы менен сүйлөшүүлөрдү аяктап жатабыз. Ал бүтсө 2008-жылдан баштап ал дагы 100% грант акча бере баштайт.
Тышкы карыз жөнүндө кеп кылганда төлөй турган акчанын көлөмү жөнүндө гана айтып жатабыз. Мына быйыл эле 73 миллион доллар төлөшүбүз керек. Анан да ички карызыбыз да бар. Ал 6,5 миллиард сом. Анын үстөк пайызы эле 500 миллион сомду түзөт. Төлөнчү карыз 1,5 миллиард сом. Ошентип 2 миллиард сомду Улуттук банкка төлөп беребиз. Бул кыйла эле оор милдет.
Эгер ХИПКке кирбесек бюджеттин киреше бөлүгүнүн 25 – 30% жалаң тышкы карыздарды накталай акча менен төлөөгө кетет. Мен ушул акчанын 10 – 12% эле тышкы карызды төлөөгө кетсе экен, калган акчаны өзүбүздүн экономикабызга жумшасак деп программанын күйөрманы болуп жүрөм.
- Ырахмат, маегиңизге!