8:35 “Жебе” кыймылы ХИПКке каршы нааразылык чараларын кайра баштайт

Акция качан жана кайсы жерде өтөөрүн кыймыл бүгүнкү жыйынында чечмекчи. Ага каржы министри Акылбек Жапаровдун ХИПК маселесин 20-февралга дейре чечүү керек деген сунушу себеп болууда. Каржы министри өткөн жумада өкмөт мүчөлөрү менен болгон кеңешмеде өлкө бул программа кирсе жалпысынан 1 миллиард долларга чейин карызы кечилээрин айтып, жакын арада бул маселе боюнча чечим кабыл алынышы зарылдыгын белгилеген эле. (SM)