Газдын, нефтинин дүйнөлүк баасы көтөрүлүп жаткандыгына карабай, 2007-жылдын жылуулук мезгили аяктамайынча коммуналдык кызмат көрсөтүү акылары, жаратылыш газы жана электр энергиясынын баалары жогорулабайт. Бул тууралуу монополияга каршы күрөшүү жана атаандаштыкты күчөтүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Иманкадыр Рысалиев маалымат каражаттарына билдирген.