“Ал-Каиданын” жетекчиси жарадар болду

“Ал-Каиданын” Ирактагы уюмунун жетекчиси Абу Аяб ал-Масри Багдаддын түндүгүндөгү америкалык базанын жанында оор жараат алды. Кагылышууда ал-Масринин жакын адамы өлтүрүлдү. Бул тууралуу Ирактын Ички иштер министрлигине шилтеме жасап, “Ассошейтед пресс” агенттиги кабарлады.