«Жоомарт» патриоттук кыймылынын лидери мамлекеттик мүлктү талап-тоногон деген негиздеме менен кармалып, былтыркы 23-майдан бери тергөө абагында отурат. Анын үстүнөн жыйырма томдой кылмыштык документтер топтолгон. Нурлан Мотуев өзү болсо бул ишти саясий куугунтук катары бааларын буга дейре маалымат каражаттары аркылуу билдирген.(SM)