-Ошентип Феликс Кулов бийликтен оппозицияга өткөнүн экинчи ирет жарыялап отурат. Биринчи ирет 1999-жылы. Анда Кулов бийлик тепкичинде эле. Азыр болсо бийликтен четтетилгенден кийин. Андагы менен азыркы шарт жагдайы айырмаланат. Бирок анда азыр аргумент катары келтирилген себептерде айрым окшоштуктар бар экен. Сиз да Кулов ушундай эле кадамга барат деп күттүңүз беле?
- Албетте, ошондой күтүлгөн. Азыр өзүңүз айтып кеткендей Феликс Шаршенбаевичтин ушундай кадамга эки жолу барып жатышын жакшы билебиз. Мен кечээ силердин кабарчыңар Бекташ Шамшиевдин өтүнүчү боюнча бардым эле, сураганда айттым эле, айткандары туура, бирок ушунун барын мурда иштеп турганда жасаса таасирдүү, натыйжалуу болмок деп. Ачык айтыш керек Ф.Шаршенбаевич 1999-жылы дагы, азыр дагы кызматтан кеткенден кийин гана жасап атканы бир топ ойго салат. Нукура келишпеген саясий ишмерлер болгонун болгондой түз бетке айтып эле, убагында эшикти тарс жаап кетип калат. Ал айрыкча Жогорку Кеңеште өтпөй калгандан кийин эки ирет ушундай болуп жатышы бир топ анын саясий билдирүүсүндө таасирин, деңгээлин, күчүн туура эмес кылып турат. Бирок орустардын сөзү бар, кеч болсо дагы айтканын туура түшүнөм. Анын абалын, билдирүүлөрүн туура эле кабыл алам.
- Кийинки сурообузга өтүп, алдыда бир нерсени учкай тактап коёлу. Мурдагы ирет Ф.Кулов менимче кетээр алдында жарыялап, анан кызматтан бошогон болуш керек эле. Кулов өз сөзүндө оппозицияны бириктирүү ниети бар экенин айтты. Оппозиция бириге алабы, бириксе оппозиция күчтөнөт деп айтууга болобу. Эгер логикага таянсак оппозиция бириккен учурда бийликке кандайдыр бир талап менен чыгышы мүмкүн. Анда эмне талаптар болушу мүмкүн? Мисалы кайра эле Конституциялык реформабы, же мөөнөтсүз шайлообу? Кандай деп ойлойсуз?
- Биринчиден, өзү сөзүндө айтпадыбы, мен “Ар намыс” партиясын эле эмес, оппозициялык маанайдагы күчтөрдүн бардыгын бириктирем деп. Андай укукту, шартты ага эч ким берген эмес. Бул оюнда, көксөсүндө болушу ыктымал. Аны канчалык чындап таанып, моюнга алышканда бара-бара иштерине жараша көрөбүз. Так айтканда, мен дагы бир жагдайды баса белгилеп кетейин, Ф.Шаршенбаевич премьер-министр болуп иштеп турган мезгилде да өтө көп эле жарыялар болгон. Анын кол алдында иштеген айрым адамдар түздөн-түз өкмөткө тиешелүү адамдар, ушул эле Каракечени айталы, кожоюну болуп келген Нурлан Мотуев, мамлекеттик ишканасынын жетекчиси болгон Пайзуллабек Рахманов дегендер премьер министр экенине карабастан “ал ким эле, биз анын сөзүн укпайбыз” деген сөздөрдү айтышкан. Чыныдыгында өзү айткандай аткаруу бийлигинде өзүнө баш ийбегендер болгон. Ошондо ал өзүн чечкиндүү көрсөткөн эмес. Эптеп чыдап келди кызмат үчүн. Муну айтып коёюн кемчилик катары. Ал эми Ф.Шаршенбаевичтин кечээги сөзү оппозицияга бир топ жаңы түрткү болот, импульс берет, аларды бир аз шердентет. Бирок өткөндөгү ноябрь айындагы окуяларда катуу бир тарапта тургандыгы, президентти колдогондугу, андан кийин 9-ноябрда комиссия кабыл алынып кол коюлгандан кийин кетип калса жакшы болмок. Отставкага бир жарым айдан кийин жасалма кетиши бары бир эл, оппозиция арасында ага карата ишенбөөчүлүктү, аны жогорку деңгээлде моюндоого шарт түзө бербейт. Ошондуктан мен Феликс Шаршенбаевич оппозициянын бирдиктүү жалпыга таанылган лидери болуп калышына анчалык ишене бербейм, күмөнүм бар.
- Маегиңизге ырахмат.