Буш Түндүк Корея маселесине дагы кайрылды

АКШнын президенти Жорж Буш Түндүк Кореянын өзөктүк программасына байланыштуу жетишилген алты тараптуу макулдашууну “баа жеткис иш” катары баалады. Вашингтондо өткөн маалымат жыйынында Буш 13-февралда жетишилген макулдашууну “жакшы башталыш, алдыга ташталган биринчи кадам” деп атады. Пхеньян өзөктүк электростанциясын эки айдын ичинде жабууга макул болуп, ага жооп катары күйүүчү майды экономикалык жардам катары алмак болду.