Пишпек уезддик башкармалыгынын начальниги Путинцев тилмеч А.Сыдыковду Кичи күмүш медаль сыйлыгына көрсөткөн. Кыргызстандын эркин басылмасына адегендеги чабуул 1919-жылдын 14-февралында жасалып «Пишпекский листок» гезитинин жетекчилиги алмашкан.
Кыргыз мамлекетин түптөөгө активдүү катышкан Абдыкерим Сыдыков башында падышалык бийлик администрациясында иштеп, ал жерден жеткиликтүү даражада башкаруу даярдыгын алгандыгы байкалат. А.Сыдыков Пишпек уезддик башкармалыгында тилмеч кызматына алынып, иш билги мамилесине жараша ал кыска аралыкта жетекчилердин купулуна толгон. Бир жыл өтпөй ал Романовдордун 300 жылдыгына байланыштуу юбилейлик медаль менен сыйланган. Дагы бир жылдан кийин Пишпек уезддик башкармалыгынын начальниги Путинцев, өрнөктүү эмгеги үчүн тилмеч А. Сыдыковдун Кичи күмүш медаль сыйлыгына көрсөтүлгөн рапортун 1915-жылдын 14-февралында Жетисуу Аскер губернаторуна жолдогон.
Кыргызстандын эркин басылмасына адегендеги чабуул 1919-жылдын 14-февралында жасалган. Бу күнү Пишпек шаарында чыкчу жападан жалгыз «Пишпекский листок» гезитинин жетекчилиги алмашкан. Большевиктик бийлик гезит редакциясына коллегиалдык башкаруу киргизип, либерал-редактор И.Алексеев жеке жетекчиликтен айрылган. Редакциялык коллегияга: большевик-коммунисттердин Пишпек фракциясынын лидери Иваницын, элге билим берүү боюнча уезддик кеңештин башчысы Александрович жана типографиялык жумушчу Чупин киргизилген.
Айтылуу эмир Тимурдун урпагы, Улуу Могол мамлекетинин түптөөчүсү Захириддин Мухаммад Бабур 1483-жылдын 14-февралында жарык дүйнөгө келген. Башында Фергана өрөөнүн башкарып, кийин Кабулду басып алып, 1526-1527-жылдары Бабур аскердик кубаты Түндүк Индияга саясий таасирин таратып, Улуу Могол мамлекетин курган. Захириддин Бабур тарыхта көрүнүктүү мамлекеттик ишмер жана таанымал акын катары аты калды. Ал илим, искусство жана адабиятка камкордук көрсөтүп, болгону 47 жаштык кыска өмүрүндө өрнөктүү адабий жана илимий мурас калтырганга үлгүрдү. Анын калеминен жаралган айтылуу «Бабур-намэ» чыгармасы тарыхый дарек, учкул лирикасы, аскер өнөрү туурасындагы маалыматы менен дүйнөгө таанылган.
Бу күнү, 1602-жылы италиялык композитор Франческо Кавалли, 1877-жылы немец математиги Эдмунд Ландау, 1898-жылы микробиолог, иммунолог Владимир Иоффе, 1908-жылы советтик тарыхчы, археолог Борис Пиотровский, 1911-жылы голланд врачы, биринчи жолу жасалма бөйрөктү колдонгон Йоханн Копфф, 1917-жылы америкалык биофизик, Нобель сыйлыгынын лауреаты Херберт Хауптман жарык дүйнөгө келген.