11:45 Бүгүн - 14-февраль сүйүшкөндөр күнү

Ырасмий түрдө майрам деп белгиленбесе да, Ыйык Валентин күнү жаштардын күткөн майрамы. Бул бейрасмий майрам он сегизинчи кылымдан тарта белгилүү. Валентин аттуу христианиндин жашоосу тууралу так маалымат жок. Бирок уламыштарга караганда ал сүйүшкөндөргө колунун келишинче көмөк көрсөткөн чиркөө кызматкери болгон.
Рим Императору Юлий Клавдий 2 өзүнүн аскерлерине сүйүүгө жана үй-бүлөө курууга уруксат бербегендиктен Валентин сүйүшкөндөр никесин көмүскө кыйып, император каарына калган. Ошентип, Валентиндин өлгөн күнү 14-февральга туш келип, бул күн сүйүшкөндөр күнү деп таанылып калган экен. (ElenK)