Мурдагы өкмөт башчы ошондой эле журналисттердин ар кыл багыттагы суроолоруна да жооп бермекчи. Мындай иш чара ушул шаршембиге белгиленгенин «Азаттыкка» кечээ кечинде Феликс Куловдун жардамчысы Азамат Калман кабарлады. «Ар-намыс» партиясы буга дейре Феликс Кулов журналисттердин бардык суроолоруна жооп берүүгө даяр экени тууралуу билдирүү тараткан. (SM)