МАРАТ СУЛТАНОВ: ПЕНТАГОН БЕРЕ ТУРГАН 150 МИЛЛИОН ДОЛЛАР КАЯККА ЖУМШАЛАТ?

Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов АКШга жасаган сапарынын жыйынтыгы боюнча бүгүн маалымат жыйынын өткөрдү. Анда төрага сапардын максаты, Америкада болгон жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр жөнүндө маалымат берди.
Төраганын сапары 29-январда башталып, 8-февралда аяктаган. Бул күндөр ичинде Марат Султанов АКШнын конгрессмен, сенаторлору, президент Жорж Буштун жардамчысы Миллард айым, мамлекеттик катчынын жардамчысы Ричард Баучер менен жолугушкан. Андан сырткары Юта штатында болуп, штаттын жетекчилиги менен тоолуу аймактар катары Кыргызстан менен Юта штанынын кызматташуусун өнүктүрүү маселесин талкуулаган.

Ал эми АКШ борборунда Кыргызстандагы конституциялык реформадан тарта АКШнын Кыргызстандагы аскерий базасы, ал базанын айланасында акыркы кезде чыккан чырлар, ижара акы жөнүндө маселе көтөрүлгөн:

- Акыркы учурда "Манастагы" окуялар жөнүндө сөз болду. Мына биздин учак менен кагылышуусу, биздин атуул каза болушуна байланыштуу маселелерди көтөрүп, булар боюнча АКШ туура чечимдерди кабыл алыш керек деген ойду айттык. Пентагондо болгон жолугушууда да негизинен базанын тегерегинде сүйлөшүүлөр болду,- деди Марат Султанов.

Марат Султанов АКШнын аскер базасынан Кыргызстан пайда тапса деген ойду айткан. Анткени, жаманбы-жакшыбы башында Кыргызстан абдан көп жеңилдиктерди берген. Эми бир далай убакыт өткөндөн кийин Кыргызстан бул базанын турганынан аз болсо да пайда табыш керек.

Америкалыктар база үчүн 150 миллион доллар төлөй турганын билдирген. Бирок төрага ал акчанын кайда, кайсы багытта берилип жатканын ачыктоону суранган. Америкалыктар жардам коопсуздук, чек араны бекемдөө багытында, Манас аба майдандын өзүнө техникалык жардам берүүнү караштырып жатышканын айтышкан.

-Биз ошондой эле АКШ менен Кыргызстан ишкерлер, студенттер, коомчулук ортосунда байланыштарды, алмашууларды күчөтүүнү сунуштадык",- дейт Марат Султанов.

Төрага Вашингтондогу Хопкинс институтунда «Кыргызстандын жаңы Конституциясы- кризистен чыгуунун жолу» деген темада сөз сүйлөп, конституциялык реформа боюнча маалымат берген.
Сапар учурунда Конгресстин китепканасы менен кыргыз парламентинин ортосунда келишимге кол коюлуп, ага ылайык Кыргызстан дүйнө мамлекеттеринин мыйзамдык базасына кирүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Саясат таанучу Орозбек Молдалиев Марат Султановдун сапарынын максаты, мааниси тууралуу буларды белгилейт:

-Төрага база боюнча келишимге байланыштуу чакырылды деп айтыш кыйын. Анткени ал маселе буга чейин макулдашылган. Бул парламенттер аралык байланышты чыңдоону көздөдү. Белгилүү болгондой биздин парламентте эки жылдан бери бир топ өзгөрүүлөр болуп жатат, жаңы конституциялар кабыл алынып жатат. Ошого байланыштуу бул маселелер боюнча пикир алмашуу зарыл болуп калды эле. Ошон үчүн Марат Султановду чакырып, ошого байланыштуу сүйлөшүүлөр болду окшойт.

Орозбек Молдалиевдин айтымында, Кыргызстан АКШ менен жакшы мамиледе болууга умтулуш керек. Ошол эле "Миң жылдыктын чакырыгы" программасы боюнча да биздин аракет жетишсиз болуп жатат, деп эсептейт саясат таануучу.

Марат Султановдун айтымында, сапар учурунда бул программа боюнча сүйлөшүүлөр болду. Кыргызстандын ага кирүүсүнө сот системасы, тартип коргоо органдарындагы кемчиликтер себеп болуп келген, бирок аларды жою боюнча тийиштүү кадамдар жасалып жатканы америкалыктарга маалымдалган.