БАЗАРБАЙ МАМБЕТОВ: КЫРГЫЗ-ТҮРКМӨН КЫЗМАТТАШТЫГЫН ЖАҢЫ ДЕҢГЭЭЛГЕ ЧЫГАРУУ КЕРЕК

Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри, мунай сатуучулар ассоциациясынын президенти Базарбай Мамбетов Кыргызстан менен Түркмөнстан ортосундагы саясий-экономикалык алака-катыштын деңгээли тууралуу «Азаттык» үналгысы менен ой-пикир бөлүштү.
- Кечээ Түркмөнстанда соңку 15 жылдагы алгачкы президенттик шайлоо өттү. Расмий маалыматка караганда калктын 98 пайызы катышты. Президенттин милдетин аткаруучу Курбангулы Бердимухамедов жеңүүчү деп жарыяланаары күтүлүүдө. Бирок менин сурайын дегеним башка маселе. Түркмөнстан менен Кыргызстандын ортосунда колго алаарлык кызматташтык болгон жок. Сапамурат Ниязовдун өмүрүнүн соңку жылдары, атүгүл Түркмөнстан өзү мүчөсү болгон КМШ Борборазия шериктешинин иштерине да көп аралашпай калган. Сиз кезинде Борбор Азия өлкөлөрүнүн башын бириктирген уюмдун аткаруу комитетинде бир нече жыл иштедиңиз. Эми президент алмашышы менен Түркмөнстан регионалдык кызматташтыкка тартылышы мүмкүнбү, же Ашхабад буга көп деле муктаж эмеспи?

- Түркмөнстанда жаңы президент шайлангандан кийин Борбор Азиядагы кызматташтыктын жаңы баракчасын ачат го деген ойдобуз. Түркмөнстан Борбор Азиянын өлчөмүндө туруп алып өзү жабык болгон кырдаалда башка кошуна мамлекеттер менен кызматташтыкка барбай жатканы туура эмес. Мындай абал дүйнөдөгү өнүгүүлөрдүн шарттарына ылайык келбейт деп ойлойбуз. Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосунда экономикалык кызматташтык кыла турган ачылбай жаткан мүмкүнчүлүк көп. Бул жаратылыш газы, күйүүчү майлар, Кыргызстанда чыгып аткан продукцияларды Түркмөстанга алып кирүү, андан башка да көп нерселер бар. Анын баарын Түркмөнстан өзүлөрү бизге кайрылып айтат деп отура бербей, аларга биз сунуш кылып, кызматташтык менен өздөштүрсөк болот.

- Түркмөнстандын Кытайга газ сатуу пландары бар экен. Эгерде чын эле ошондой келишим болуп, ишке ашса, газды Кыргызстан аркылуу өткөрүү мүмкүнчүлүгү барбы?

- Ушул маселе көп жылдан бери айтылып келе жатат. Эгерде эл аралык чоң консорциум түзүп, түркмөндүн жаратылыш газын Түндүк Кытайга алып барабыз десе, эң ыңгайлуу маршрут бул Кыргызстандын аймагы менен кеткен болот. Ушундай долбоорду ишке ашырса болот деген көп эксперттердин, экономисттердин ойлору бар.

- Бирок бул маселе Кыргызстандан да бир аракеттерди талап кылабы?

- Кыргызстан сунуш кылып, ушундай маршрут беребиз деп экономикалык расчеттор менен чыкса болот. Себеби Кытайдын түндүгүндө жаратылыш эле газ эмес, андан башка дагы ташкөмүр, электр энергия кубаттуулугун алыш көп зарылчылыкты түзүп турат.

- Күйүүчү майдын баасы боюнча алдыдагы жарым жылга прогнозуңуздар кандай?

- Азыр дүйнөдөгү нефтинин баасы стабилдүү болуп турбайбы, ошого карата келерки жарым жылга чейин биздин Кыргызстандын рыногунда дагы күйүүчү майлардын баасы стабилдүү болуп турат.

- Демек, дыйкандар көп камсанабаса болот экен да?

- Жазгы талаа жумуштарына биздин кыргыз дыйкандар бушайман болош керек.

-
Маегиңизге ырахмат.

Маектешкен Улан Эшматов