10:39 «Кыргыз руху» гезитинин редакциясына кол салышып, компьютерлерин өрттөп кетишти

Бул жөнүндө парламентте вице-спикер Кубанычбек Исабеков билдирди. Анын баамында, «Кыргыз руху» гезитине каршы кыянатчылык анын оппозициялык маанайдагы макалаларды жарыялагандыгынан улам болуп жатат. Газетанын башына түшкөн кыянат ишти иликтөөгө алиге чейин укук коргоо органдары кирише элек. Вице-спикердин айтымында, өрт өчүргүчтөр компьютерлердин өрттөлгөн фактысы үчүн редакциянын өзүн күнөөлөп жатыптыр. (KCh)