10:36 Мектеп окуучуларынын арасында рекет жайылып баратат

Бул жөнүндө парламент жыйынында депутат Осмон Артыкбаев маселе көтөрдү. Анын айтымында, мектеп окуучулары телевизор, компьютер оюндарынан мыкаачылыкка үйрөнүп, аларга салттуу тарбиянын таасири начарлап, мектепте рекет күчөгөн көрүнүшкө айланды. Окуучулар топ-топ болуп мушташып, бири-бирин өлтүргөн окуялар көбөйдү. "Билим берүү, илим министрлиги менен өкмөт балдарды тарбиялоону бекем колго алып, келечекке көнүл буруш керек",- деди Осмон Артыкбаев. (KCh)