Бул орусиялык телеканалдарга учкашпай, толук өз көрсөтүүлөрү менен чыккан Кыргызстандагы алгачкы көз карандысыз телеканал болоору айтылууда. «Бешинчи канал» көрсөтүүлөрүн кыргыз-орус тилдеринде алып барып, жаңылыктар топтомун күн сайын 9 жолу чыгарып турмакчы. Аталган телеканалдын башкы директору Оксана Малеваннаянын «Азаттыкка» билдиришине караганда, «Бешинчи канал» эртең мененки саат алтыдан түнкү экиге дейре ободо болот. (SM)