Муса Мураталиев, Москва Түркмөнстанда президентти шайлоонун жүрүшүн Түркмөнстандык борбордук шайлоо комиссиясы толук кандуу өттү деп жарыялады. Президенттик орунду талашууга алты талапкер катышты. Анализчилер болжолунда ал жогорку орунду Гурбангулы Бердымухаммедов ээлейт. Бирок расмий жыйынтык 14 февралда жарыяланмакчы. Түркмөнстанда өткөн шайлоого карата өз оюн Борбордук Азия өлкөлөрү жана Кавказ боюнча эксперт, тарых илиминин доктору Артур Улунян ортого салат.
Түркмөнстандагы жекшембиде өткөн президентти шайлоону Москвалык убакыт боюнча экиге жетпей эле өттү делген кабар таркады. Ашхабаддан БШК жетекчиси Мурад Карыев ушундай маалымат айтып, аны агенттиктер таркаткан. Ошого карабай шайлоонун мүчүлүш жагы да болгондугун анализчи Артур Улунян «Азаттыка» берген маегинеде айтат.
"АЗАТТЫК": - Артур Акопович! Түркмөнстанда бул күнү болуп өттү деген президентти шайлоо боюнча сизде кандай маалымат бар?
УЛУНЯН: - Бул жерде биз алар шайлоонун өтүшүнө карата чыгарган бааны эмес жер-жерлердеги маанайды айтышыбыз оң. Кайсы бир көрүнүштөрдү эске албай коюуга болбойт. Айталы, добуш берүүчүлөрдүн активдүүлүгү алар күткөндөй болгон эмес. Ашхабад менен Марыны албаганда калган жерлерде элдин добуш берүүсү солгун болгон. Байрамалыда шайлоого келгендер саны абдан аз болгон. Бердымухаммедов ал аймактан болгонуна карабай элдин шайлоого катышуусу солгун болгон. Демек, анын шайлоо алдында берген убадасы элди анча ынындырган эмес дешке болот. Кызыктуу көрүнүш мурдагы Красноводск кийинки Түркмөнбашы калаасында болууда. Анын тургундары да добуш берүүгө аз келген. Ташауз районунда да шайлоого келгендер саны жарытарлык эмес. Ал район Өзбекстан менен танапташ жатат. Ал жерде өзбектер көп болгондуктан Ниязов жектеп турчу. Ошондуктан аларды «дыш огуз» деп атачу. Ошол маанай аларды шайлоо бекеттерине аз келтирди көрүнөт.
"АЗАТТЫК": - Сиздин баамда айрыкча көрүнгөн учур болдубу?
УЛУНЯН: - Эң кызыгы, менин баамымда, орус тилдүү тургундардын президентти тандоого карата болгон мамилеси болду. Алар жапырт Бердымухаммедовду колдоп добуш беришти. Аларды бир гана ниет жетектеди. Баса эки жолу сурамжылоолор өткөрүлгөн ошол себептен мага ал маалым. Аны орус тилдүүлөрдүү колдоого алышы, баарыдан мурда алардын абалы мындан да жаман болуп кетпеши үчүн болууда.
"АЗАТТЫК": - Түркмөнстандагы ички саясий жагдай кандай жолго түшөт? Маселен, шайлоо ушуну менен бүтөбү же анын экинчи айлампасы өтөбү?
УЛУНЯН: - Кандайдыр бир эле чукулку кырдаалдар болуп кетпесе кайра шайлоо болбойт. Эмне дегенде бул шайлоонун алдын ала болжогондой так өтүшү үчүн кыйла аракеттер жасалды. Бул жагынан алганда ал Кыргызстан эмес. Экинчи белгилей кетчү нерсе – башкы талапкер Гурбангулы Бердымухаммеддов жеңип чыгат. Маселе башкада. Президенттик орундарды талашкандарга кийин кандай кызматтар тийет – кеп ушунда.