Бул каражат ветеринардык жана санитардык лабараториялардын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу үчүн жумшалат. Өкмөттүн маалымат-кызматынан кабарлашкандай, мындай макулдашууга кечээ вице-премьер-министр Нур уулу Досбол Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда жетишти. Буга чейин канаттуулар тумоосунун пандемиясына каршы чараларды көрүү үчүн Дүйнөлүк банк тарабынан 6,5 миллион доллар бөлүнгөн.