ПРЕЗИДЕНТ ЖАҢЫ ӨКМӨТКӨ БИРИНЧИ ТАПШЫРМАСЫН ЖОЛДОДУ

Президент Курманбек Бакиев бүгүн жаңы өкмөттүн курамы менен жолугушуп, кеңешме өткөрдү. Мамлекет башчы анда сөз сүйлөп, өкмөткө сырткы карыздан кутулуу боюнча программа иштеп чыгууну сунуш кылды. Бакиевдин айтымында, өкмөт карыздан чыгуунун жолдорун аныктап берсе, ХИПКке кирүү маселеси экинчи орунга жылат. Бул маселе боюнча коомчулук, саясий партиялар, жарандык коомдор жана эксперттер менен кеңири талкуу уюштуруу керек. Президент ошондой эле жаңы өкмөт мүчөлөрүн парламент менен кызматташтыкты күчөтүүгө чакырды. Бул үчүн, мамлекет башчынын оюнча, өкмөт мыйзам даярдоо демилгесин колго алууга тийиш, ал эми жетекчилер ар бири өз тармагы боюнча компетенттүү болушу абзел. (KCh)