ЧЕХИЯГА КЫРГЫЗСТАНДЫК ЖАШ МОДЕЛЬЕРЛЕР ЭЛ АРАЛЫК КОНКУРСКА КЕТИШТИ

Бүгүн 8-февралда кыргызстадык жаш дизайнер- модельерлер Чехиянын Брно шаарында өтө турган эл аралык «Подиум-2007» конкурсуна катышуу үчүн жөнөп кетишти.
Эл аралык «Стиль-Каво» көргөзмөлөрүнун программасынын алкагындагы жаш дизайнер- модельерлердин конкурсу быйыл Чехиянын Броно шаарында өткөрүлгөнү турат. Бул конкурсту Чехиянын билим берүү министрлиги менен «Евро-Грант» фирмасы колдоого алып, көмөк көрсөтүүдө.

Эл аралык «Подиум-2007» конкурсунун негизги максаты: жогорку окуу жайларынын кызматташтыгына данакер болуу, дизайнерлик кесиптин баркын көтөрүү, Европалык мода бизнес тармагы таанытуу, идея, пикир жана тажрыйба алмашуу.

Чехиянын Броно шаарында жаш дизайнер-модельерлердин чыграмачылыгы, тапкычтыгы талдоого алынып, мыктынын мыктысына Гран-при ыйгарылат. Мындан сырткары чыграмачылык менен өзгөчөлөнгөн үч баш байгенин жеңүүчүлөрү да аныкталат. Эл аралык сынактын баардык катышуучуларына дипломдор берилип, көрүүчүлөрдүн купулуна толгон 20 коллекцияга да сыйлыктар берилет.

«Подиум-2007» конкурсу эки этап менен өткөрүлүп, алгачкы этабында анкеталык суроолорго жооп беришип, электрондук байланыш аркылуу сынактын талаптарына ылайыктуу эмгектер тандалып алынды. Эми 13-февралдан 15-февралга чейин жеңүүчүлөрдү аныктоочу чечүүчү этап болмокчу.

Кыргызстандан мындай эл аралык конкурска мурда- кийин бир дагы студент, окуу жай катышкан эмес. Алгач ирет Европаны багындурууга Кыргыз-Славьян университетинин студенттери батынып олтурат. Чехияга кыргызстандык 4 студент жана 2 окутуучу жөнөп кетишти. Алардын ысымдарын атай кетсек окутуучулардан Елена Орлова менен Наталья Султанова, ал эми студент болочок дизайнер- модельерлер Бегайым Шамбетова, Юлия Кудряшова, Людмила Кузнецова жана Юлия Гребнева.

Кыргыз-Славьян университетинин үчүнчү курсунун студенти Бегайым Шамбетова эл аралык мындай конкурска алгач ирет катышып жатканын, сынакка кыргыз улуттук стилиндеги кийимдери алып баратканын айтып берди.

Бегайым Шамбетова төрт жашынан сүрөт тартып беш жашынан баштап скрипка ойногон. Шахмат боюнча Кыргызстандын чемпиону аталган. Окуучулук учурунда эл аралык сүрөт жана музыка конурстарында байгелүү орундарга ээ болгон.