Укук коргоочулар Пакистан өкмөтүн сынга алды

Адам укуктарын коргоо уюму жүздөн ашуун адамды террорчулукка катыштыгы бар деп айыптап, абакта кармап отургандыгы үчүн Пакистан өкмөтүн сынга алды. Уюмдун жылдык отчетунда Пакистанда адам укуктары сакталбай келет деп айтылат. Пакистанда өткөн жылы “ал-Каиданын” жана талибдердин согушкерлери деп бир нече адам камака алынган.