10:20 Кыргызстанда чай азыгына акциздик салык киргизилиши мүмкүн

Мындай сунушту парламентте депутат Арзыбек Бурканов киргизди. Каржы министринин орун басары Мурат Исмаиловдун айтымында, Кыргызстанга чет өлкөдөн быйыл 195 миллион сомго чай алынып келинген. Ага сунушка ылайык беш процент акциз салыгы киргизилсе, ал бюджетке 4 миллион сом чамалаш киреше берет. Жогорку Кеңеш бүгүн өлкөдө өндүрүлгөн жана тыштан ташылган товарларга акциздик салыктын базалык ставкалары жөнүндө мыйзам долбоорун карады.(BuS)