Президенттин жарлыгы менен тышкы иштер министри болуп дайындалган Эднан Карабаев бүгүн Тышкы иштер министрлигинин аппаратына тааныштырылды. Жаңы тышкы иштер министри бул кызматта мурда 90-жылдардын башында Кыргызстан эгемендикке жеткен алгачкы жылдары да иштеп кеткен. Ал соңку жылдары Кыргыз-Орус Славян университетинин проректору болуп иштеп келаткан. (KCh)