ЖАҢЫ ӨКМӨТ ЖӨНҮНДӨ ЭЛ ЭМНЕ ДЕЙТ?

Президент Курманбек Бакиев жаңы өкмөткө вице-премьерлерди жана бир катар министрлерди дайындады. Өкмөттөгү кызматтык дайындоолор тууралуу коомчулукта ой-пикирлер бир кылка эмес.
Жогорку Кеңеш бекитип берген Өкмөттүн структурасында 14 министрлик, 5 мамлекеттик комитет жана 11 мамлекеттик агенттик, бир каржы полициясы бар. Түзүм башында премьер-министр, биринчи вице-премьер-министр, вице-премьер министр турат.

Буга чейин оппозициялык күчтөрдүн катарынан да министрликке сунушталып жатыптыр деген да жоромолдор айтылган. “Кайран эл” партиясынын жетекчиси Курманбек Турумбеков мындай чечимдер болушун жокко чыгарбайт:

- Менимче, өкмөттүн жарымы жаңыланат го деп ойлойм. Арасында мурда оппозицияда жүргөн да адамдар келиши ыктымал. Бирок бул өкмөт өлкөнү кризис сазынан алып чыга албайт. Мен аларга ишенбейм.

Жогорку Кеңеш аппарат башчысынын орун басары Сүйүнтбек Касмамбетовдун айтымында, бул өкмөт реформа жасай турган өкмөт эмес:

- Бул өзгөрүүлөр мажбур, декларативдүү жасалма өзгөрүүлөр болду. Өнүккөн Батыш мамлекеттеринде деле чакан он чакты министрликтер иштейт. Албетте, биз жаш жана таза күчтөр келсе деп күткөнбүз. Бирок илең-салаң болгон баягы эле белгилүү адамдар келатканы көрүнүп калды. Демек, жакынкы жылдары эч кандай деле жылыш болбойт экен деп ойлой берсек болот.

Акын Алик Акималиев жаңы өкмөттүн курамы учур талабына ылайык түзүлгөнүн, аларга иштөөгө мүмкүнчүлук берүү керектигин билдирди. Ал айрым министрлердин ордунда калганы туура болду деп эсептейт:

- Жаңылык дегендин өзү жакшы нерсе. Жаз жаңырып келатат, жаңы өкмөттүү болдук. Эл дагы жаңылыкты, жаңырууну эңсеп турат. Жакшы күчтүү өкмөттү түзүүгө аракет кылышты, президентке ушундай структура керек экен. Колдоп берели.

“Эр айдоочу” коомдук бирикмесинин жетекчиси Качкын Булатов министрлик, агенттиктерди кыскартуу боюнча айрым депутаттардын сунушу эске алынбаганы кийин келип өкмөттүн ишин артка тартышы мүмкүн деп билдирди.

- Айтып коюшубуз керек. Жаңы өкмөттөн да сурай турган күн тез эле келип калат. Чоң өкмөт түзүп алып, азыр эле иштин көзүн билбегендигин көрсөтүштү. Күчтүү өкмөт чакан компетенттүү структура менен иштемек. Алар чабалдыгын азыр эле далилдеп коюшту. Эми алар баш аягын жыя албай жатабыз, деп айтып, далай шылтоо табышат...

Эркинбек Исаков, жаштардын “Жебе” кыймылынын мүчөсү: - Исабеков бул “кол бала” же техникалык гана премьер-министр экенин айгинелеп койду. Бул киши парламентте сүйлөгөндө мунусуна деле макул, тигинисине деле макул, өзөгү өз позициясы жок экенин көрсөттү. Ушунча көп министрлик элдин жонуна үйүлгөн жүк, түйшүк.

Бишкектин тургуну Урмат Кабылов: - Чакан өлкөгө мынчалык көп министрлик, мамлекеттик комитет, агенттиктердин кереги эмне эле. Булар министрлик орундар үчүн чоң “шапке” алышып, жашыруун аукцион кылышат го. Элдин эсебинен очойгон айлык алышып, миңдеген кызматкерлер казынага жүк болмокчу.

Эркин журналист Калыбек Тайтакеев: - Азыркы дайындоолорго караганда эч деле өзгөрүүлөр болбойт деген ойдо болуп турам. Баягы эле кишилер. Мурунку бийлик, азыркы бийликтин айланасында жүргөндөр. Кийин сен кылгансың дешип талашып- тартышат деп ойлойм.

Бишкектин тургуну Болот Айдаров: - Бул өкмөт өз алдынча өкмөт эмес. Бул президенттин алдындагы өкмөт. Бул өкмөттөн жаңылык, ийгилик деле күтүпөшүбүз керек. Мен бул өкмөттүн курамына ичим чыккан жок.

Мурат Эдигеев: - Чындыгында, азыркы премьер-министр абдан көп жылдардан бери президент Бакиев менен иштеген. Ошон үчүн экөө макулдашып ар бир кандидатураны коюп атат деп ойлойм. Ошол эле маалда азыр кичине стабилдүүлүктү алып келиш үчүн, экономиканы көтөрүш үчүн бир топ жаңы министрликтер пайда болду. Биздин парламент дагы бир жумадан бери талаш-тартышта болуп, акыры макул болушту.