11:20 А. Бекназаров: Президент коалициялык өкмөт түзсө болмок

Депутат Азимбек Бекназаровдун көз карашында президент Курманбек Бакиев кадр тандоодо өз айланасындагылардын таасиринен чыга албай, ага жараша башка саясий партиялардын ой-пикирлери көз жаздымда калтырып жатат. Депутат ошондой эле Ички иштер министри болуп Ногойбаевдин, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри болуп Өктөмхан Абдуллаеванын дайындалышын кубаттай тургандыгын Парламент радиосуна билдирди. (BuS)