7:00 Президент Курманбек Бакиев бүгүн жаңы өкмөттөгү кызматтык дайындоолор тууралуу бир катар жардыктарга кол коюшу күтүлүүдө

Кечээ кечинде кол коюлган алгачкы жардыктарга ылайык, 2 вице-премьер-министр, 5 министр жана өкмөттүн аппарат башчысы, 3 мамлекеттик комитеттин жетекчиси дайындалды. 14 министрликтен, 5 мамлекеттик комитеттен, 11 мамлекеттик агенттиктен жана каржы полициясынан турган өкмөттүн жаңы түзүмүн Жогорку Кеңеш кечээ бекиткен. (SM)