ОПЕК СЫЯКТУУ ГАЗ КАРТЕЛИН ТҮЗҮҮДӨ ДЕП МАСКӨӨ КҮНӨӨЛӨНӨ БАШТАДЫ

Нарын АЙЫП, Прага Акыркы мезгилде айрым эксперттер - Орусия жана башка мамлекеттер жаратылыш газы боюнча ОПЕК сыяктуу уюм түзүүгө даярданып жатат деп айта баштады. Орус жетекчилери аны четке кагууда, бирок 1-февралда президент Владимир Путин журналисттер менен ири жыйын өткөргөндө аны кызыктуу идея деп мүнөздөдү.
ОПЕК деп мунай экспорттогон мамлекеттердин уюму аталат, аны 1960-жылы Багдад шаарында беш өлкө - Ирак, Иран, Кувейт, Сауд Арабия жана Венесуэла түзгөн, кийин аларга Алжир, Индонезия, Бириккен араб эмираттары жана Нигерия сыяктуу бир нече башка мамлекет кошулган. Алардын өкүлдөрү жылына эки жолу Вена шаарындагы уюмдун баш кеңсесинде жолугуп, түзүлгөн шарттарга жараша мунай өндүрүшүн көбөйтүү же азайтуу жөнүндө сүйлөшөт жана алар кабыл алган чечимдерге ылайык мунайдын дүйнөлүк баасы өзгөрөт.

Уюмга Орусия мүчө эмес, бирок ага кирген мамлекеттер мунайдын дүйнөлүк корунун үчтөн экисин жана өндүрүшүнүн 40 пайызын көзөмөлдөйт. Жаратылыш газынын дүйнөлүк корунун жарымы болсо Иран менен Орусиянын аймагынан чыгат жана эгер бул эки мамлекет газ боюнча дагы ОПЕКке окшош уюм түзүп, ага башка өлкөлөр кошулса, ал уюм дүйнөлүк газ бааларын дагы өз көзөмөлүнө алышы толук мүмкүн.

Андай уюм түзүлүшү мүмкүн экенин орус президенти Владимир Путин алгач 2002-жылы айткан, бирок кийин ал темага көп кайрылган эмес. Анткен менен үстүбүздөгү жылдын 28-январында Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Игорь Иванов Тегеранга келгенде, өлкөнүн руханий жетекчиси аятолла Али Хаменеи ачык эле газ ОПЕГин түзүш керек деген сунуш жасады.

Маскөөгө кайтып келгенден кийин 30-январда журналисттер ал тууралуу сураганда, Иванов - эч кандай андай уюм түзүү пландары азырынча жок жана газ сатып алган мамлекеттер ал тууралуу тынчсызданбаш керек деп билдирди. Анткен менен эки күндөн кийин Путин журналисттер менен Маскөөдө ири жолугушуу өткөргөндө, андай уюм түзүү идеясы кызыгууга татырлык деп айтты. Анын пикиринде, ОПЕК сыяктуу уюм түзүлбөсө дагы, газ өндүргөн мамлекеттер өз аракеттерин бир-бирине айкалыштырыш керек экени анык.

"Газпром" ишканасынын башчысынын орун басары Александр Медведев былтыр май айында Батыш мамлекеттерине кайрылып, алар Маскөөнүн газ долбоорлоруна тоскоолдук кылуу менен Орусияны ошондой уюм түзүүгө түртүп жатат жана эгер түзүлсө, ал ОПЕКтен да күчтүү болот деп билдирген. Былтыр июнда Шанхай кызматташуу уюмунун Кытайда өткөрүлгөн бийик жолугушуусуна Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад келип, ал дагы орус президентине андай уюм түзүүнү сунуштаган.

Быйыл январда Орусиянын кубат министри Виктор Христенко Алжирге барганда дагы ушул маселе талкууланды. Былтыр ноябрда болсо НАТО уюмунун жетекчилиги өз мүчө-мамлекеттерине атайын доклад таратып, Алжирден Борбор Азияга чейинки мамлекеттерди Маскөө бириктирип, газ өндүргөн өлкөлөрдүн картелин түзүп жатат деген эскертүү жасаган.

Путиндин жардамчысы Сергей Ястржембский жакында андай маалыматтын баарын караманча калп деп жокко чыгарды, бирок Мамлекеттик думанын кубат жана унаа боюнча комитетинин төрагасы Валерий Язев 30-январда андай уюм түзүлүүгө тийиш жана ага Орусиядан тышкары Иран дагы кириш керек деп билдирди. Анын айтымында, газ кардарлары Батыш Европада өз уюмун түзүп, Орусияга шарт коюп жатканда ага каршы газ саткан өлкөлөрдүн дагы картели болуш керек.